Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда белгисиз вирустан улам үй канаттуулары кырылууда.
«Өлгөн тооктордун эти көмүрдөй капкара болуп калууда. Бирөөсү өлөрү менен айылдагы бардык үй канаттуулары кырылууда. Жергиликтүү мал доктурлар сайып жаткан дарылар эч кандай таасир эткен жок», – деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири. Андан тышкары аймакта күйдүргүдөн мал жандыктары өлгөн учурлар катталып жатканы айтылууда. Бирок булар тууралуу расмий маалымат булактарында эч кандай билдирүү жок.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ