Ош шаарындагы шаардык базарда манты сатып отурган 1989-жылы туулган келин бычактан жаракат алды. Аны кечээ, 4-март күнү болжол менен саат 12:30 чамасында белгисиз адам арка тарабынан бычак сайып качып кеткен. Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү адам окуядан 10 мүнөттөн кийин кармалганын Ош шаардык милициясынан кабарлашты. Кармалган жаран 1963-жылы туулган, жараат алган келиндин бир тууган жездеси экен. Ал өз көрсөтмөсүндө жабырлануучу анын балдызы экенин, ал (кылмышка шектүүнүн аялына) ортого түшүп ири суммада карыз акча таап бергенин айткан. Аялы карызын кайтаруу үчүн Россияга эмгектенүүгө кеткен. Шектүү балдызын эжесин чет өлкөгө кетирүүгө шарт түзүп берди деп айыптаган. “Өлтүрөйүн дегем, бирок өлбөй калды”, – деп көрсөтмө берген шектүү. Ош облусттук ооруканасына жеткирилген жабырлануучунун өмүрүн дарыгерлер сактап калышкан. Ал 4 баланын энеси. Бычак сайылганда көп кан жоготкон. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ