Menu

Сооронбай Жээнбеков: Менин жанымда Фаридтен татыктуу адамдар бар

Бөлүшүү:

«Куттуу орун бош болбойт». Фарид Ниязовдун отставкага кетүүсүн Президент Сооронбай Жээнбеков ММК жетекчилери менен жолугушуп жатып ушинтип айтты.

«Фарид Ниязов мамлекетчил адам. Ал мамлекеттик башкаруудагы мыкты менеджер. Ал тууралуу эч качан жаман жазышкан жок. Силер билесиңер Фарид Ниязов менин шайлоо штабымды жетектеген. Ал штабга аппарат башчылык кызматтан келген. Шайлоодо мен жеңсем ал аппарат башчы болуп кайра келет деп сүйшөшкөнбүз»,-деди Жээнбеков.

Бир жума мурун ал кетип жатканын айтты. Чарчады го деп жумалык өргүү бердим. Мен Фарид Аблезимовичтин чечимин сыйлайм. Бул анын укугу»,-деди президент.

Куттуу орун бош болбойт. Мен эч качан суранбаган адаммын. Жанымда бул орунга татыктуу адамдар бар»,-деген Жээнбеков.

Эске салсак, президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов өткөн жумада кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, президент кабыл албаганына карабастан бүгүн кызматтан кетти.

Булак: Govori.tv

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: