Menu

Аял затына болгон урмат бир күн менен чектелбесин!

Бөлүшүү:

БУЛ КҮНДҮН ТАРЫХЫНА КАЙРЫЛСАК

Байыркы Римде эле бул айымдардын күнү матрондор (эркин аялдар) тарабынан белгиленип, марафондор өткөрүлгөн. Аларга бул күнү күйөөлөрүнөн белектер берилген жана ар кандай камкордуктар көрүлгөн. Күңдөргө дагы кожоюндары белектерди беришип, ал күнү эс алууга уруксат берилген. Римдик аялдар майрамдагыдай кийинишип, баштарына жыпар жыттанган гүлчамбарларды тагып, Веста кудайынын храмына келип сыйынышкан. Кийин аялдар өздөрүнүн турмушун өзгөртүүнү, эркектер менен тең укуктуулугу үчүн күрөшүүнү чечишкен. 1857-жылы 8-мартта Нью-Йоркто жумушчу аялдар шаардын көчөлөрүнө чыгып, эмгек акыларынын төмөндүгү, эмгек шарттарынын начардыгына каршы нааразылык билдиришкен. 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорктун жумушчу аялдары кайрадан иш ташташып, балдардын эмгегине тыюу салуу, фабриканын шарттарын жакшыртуу талаптарын коюшкан. 1909-жылы Америка социалисттик партиясы февралдын акыркы жумасын аялдардын Улуттук күнү деп жарыялашкан. 1910-жылы Копенгагенде социалист аялдардын 2-эл аралык конференциясында немец революционери, Гер­мания компартиясын негиздөөчүлөрдүн бири Клара Цет­кин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн белгилөөнү сунуштаган. Анын сунушу боюнча жыл сайын Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алынган.

АЛГАЧ КАЙСЫ ӨЛКӨЛӨР МАЙРАМДАШКАН

Бул күн 1-жолу 1911-жылы Германия, Австрия, Швей­цария жана Данияда, ал эми Россияда 1913-жылы өткөрүлгөн. 1914-жылы Австрия, Венгрия, Германия, Нидерландия, Швейцария, Россия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн аялдары Аялдардын эл аралык күнү 8-мартты салтанаттуу майрамдоону белгилешкен (буга чейин көптөгөн өлкөлөрдө марттын ар кайсы күндөрүндө белгиленген). Ошондой эле еврей элдеринде да жаз майрамы – Пурим кыштан жазга өткөн мезгилге туш ке­лип, 8-март күнү майрамдалат. СССРдин убагында СССР Жогорку советинин президиумунун 1965-жылы 8-майдагы Указы боюнча Аялдардын эл аралык күнү – 8-март дем алыш күн болуп жарыяланган.

КЫРГЫЗСТАНДА 8-МАРТ КЫЗЫЛ КҮН

Кыргызстанда аялдардын эл аралык күнү 1920-жылдан белгиленип келе жатат. Бул күн кыргыз аялдары үчүн чоң мааниге ээ болуп, аялдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча мектептер, аялдардын клубдары, кызыл үйлөр, кесиптик атайын артелдер жана башкалар пайда болгон. Мисалы, 1925-жылы 8-мартта Күрмөнтү болушундагы Талды-Суу кыштагында Кыргызстандагы аялдардын алгачкы клубу ачылган. Учурда аялдардын эл аралык майрамы көп өлкөлөрдө анын ичинде Кыргызстан­да да аял затынын сүйүктүү майрамдарынын бири болуп эсептелет.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

АЯЛ ЗАТКА ЫР ДЕСТЕ

Жаз келди жүрөгүмө,

Эритип мөңгү, музду

кабатталган.

Күкүктөйт кан тамырым

дайра болуп,

Башталып өмүр жаңы,

Башталып жашоо шаңы,

Бир кезде кышкы ызгаарга

каракталган.

 

Жаз келди жүрөгүмө,

Жан дүйнөм бейиш сыңар жашылданып.

Жароокер гүлдөр дагы назданышат,

Бул дүйнө сулуу кандай,

Сезилем азыр гана туулгандай,

Нурданып, асылданып.

 

Сен келдиң жүрөгүмө,

Жаз болуп кокусунан ушул кечте.

Сүйүнүч ууртумдагы,

Төгүлүп калбаса экен.

Сен эми жүрөгүмдөн,

Суранам, такыр кетпе!

Суранам, такыр кетпе!

Зайырбек Ажыматов

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: