Menu

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы 2012-жылы мамлекеттин бюджетине 82, 2 миллион сомдон ашык акча каражатын которду

Бөлүшүү:

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы-Терек Тереккан жана Пе­ревальное кен чыккан жерлерди иштеткен ишкана 2017-жылы өлкөнүн бюджетине 8219193858 сом төлөп берди. Анын ичинен 37, 6 млн. сом салыктар жана жыйымдар, 35, 7 млн. сом Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөмдөр, 8,7 млн. сом Бажы салыгы жана жыйым­дар. Компания Социалдык пакеттин алкагында 2016- 2017- жыл үчүн 5, 8 чакырым жолду 28, 578 миллион сом суммага асфальт төшөлдү жана бир мил­лион сом өрттөн жапа чеккендерге үй куруу үчүн берилди. Мындан сырткары 6,5 миллион сомго ар кандай демөөрчүлүк жардамдарды көрсөттү. Ошондой эле компания жергиликтүү элге өзгөчө кырдаал учурунда жардамын берет.

Керектүү атайын техникалар менен камсыздайт. Мындан сырткары “Эти Бакыр Терек-Сай” компаниясы мектеп окуучуларын жана жергиликтүү жашоочуларды ташуу үчүн Терек-Сай, Ак-Терек, Беш- Аалы Болуш, айылдарынын ортосунда барып келүүгө транс­порт жагынан жардам берүүдө. Бүгүнкү күндө Терек-Сай кени толук иштеп жана бардыгы толук кайра оңдолуп чыккан кен байытуучу фабрика бар. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 100 миң тонна кенди иштете алат. Азыркы учурда курамында алтын жана күмүш бар флотациялык концентрат өндүрөт. Кен байытуучу фабриканы кайра оңдоп чыгуу үчүн инвестициянын жалпы суммасы 6, 78 миллион доллардан ашык суммага чейин жетүүдө.

“Эти Бакыр Терек-Сай” компаниясынын штаттык бирдигинде 352 жумушчу иштейт, анын ичинен 96 пайызын жергиликтүү жашоочулар түзөт. Компанияда орточо эмгек акы 22, 5 миң сом. Маалымат үчүн: “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧК Кыргыз Алтын ААК 25 пайыз жана түркиялык “Эки Бакыр” компания­сы 75 пайыз үлүштүк катышы менен түзүлгөн биргелешкен ишкана. Терек-Сай кени КРнын Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районун Терек-Сай кыштагында жайгашкан өлкөнүн tooкен ишканаларынын ичинен эң эскиси.

Кыргыз алтын ААКнын маалымат кызматы

Булак: Фабула

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: