Menu

Дүйнөлүк банк 3 облустун 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга 43 млн 200 миӊ доллар каражат бөлөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк айылдарды таза суу менен камсыз кылуу багытында 43 млн 200 миӊ доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Жалпы каражаттын 11 млн 900 миӊ доллары гранттык каражат, ал эми 14 млн 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалмакчы.

КР Өкмөтү “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун 7 млн 200 миӊ доллар көлөмүндө кошумча каржылоого тийиш.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карызы ички дүӊ өнүмгө карата 53,6 пайызды түзөт. Каржы министринин айтымында, тышкы карыздын көлөмүнүн азайышына Орусиянын 2017-жылы 240 млн доллар аласасын кечкени түрткү берген.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: