Menu

Ташкентте кыйноого дуушар болгон журналисттин соту башталды

Бөлүшүү:

7-мартта Ташкент шаардык сотунда журналист Бобомурод Абдуллаевдин, блогер Хаёт Насреддиновдун жана ишкерлер Равшан Салаев менен Шавкат Оллоеровдин соттук иши башталды.

Жараянга соттолуучулардын туугандары, элчилик өкүлдөрү, жергиликтүү жана батыш өлкөлөрүнүн журналисттери, ошондой эле укук коргоочулар катышты.

Соттун жүрүшүндө адвокат Сергей Майоров Бобомурод Абдуллаевдин күнөөсүн моюнуна алган көрсөтмөлөрү кыйноолор аркылуу алынганын билдирип, бул боюнча экспертиза өткөрүү өтүнүчүн келтирди. Сот экспертизанын жыйынтыктары боюнча чечим чыкканга чейин тыныгуу жарыялады.

Бобомурод Абдуллаев 6-мартта адвокаты менен жолугуп, аны учурда УККнын төрагасы болуп турган мурдагы башкы прокурор Ихтиёр Абдуллаев менен былтыр сентябрда ички иштер министри кызматына дайындалган Пулат Бабажановго каршы компромат чогултуу үчүн кармашкан деп эсептей турганын айткан. Андан тышкары тергөө абагында аны оппозициялык «Өзбекстан элдик кыймылынын» лидери Мухаммад Салихке каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын билдирген.

Бобомурод Абдуллаевге, блогер Хаетхон Насреддиновго жана жергиликтүү ишкерлер Равшан Салаев менен Шавкат Оллоеровго «бийликти басып алуу максатында кутум уюштуруу» беренеси боюнча айып тагылган. Журналист Абдуллаев Өзбекстанда конституциялык түзүлүштү кулатуу жана учурдагы бийликти алмаштыруу чакырыктары камтылган макалаларды интернетке жарыялаган деп айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: