Menu

Парламентке Шакинин жек-жааты түгөлү менен түрүлүп келүүдө. Баа берилбейби?

Бөлүшүү:

«Кыргызстан» фракциясынын бошочу депутат­тык орундарына (Ж.Калмаматов, Асылбек уулу Дамирбек, Канат Исаевдердин ордуларына) кайрадан алкомагнат Шакинин «кол балдары» келе тургандары каңкууланууда. Тизме боюнча Насыр Мусаевден кийинки кезекте Руслан Чойбеков аттуу Шакинин «оң колу» жана Жаныбек Исаев аттуу жээни алаканын ушалап, депутаттык бактысын күтүп жатканынан кабардар болдук. Буга чейин да Шаршенбек Абдыкеримов партиясы аркылуу өңчөй кыз-кыркын, куда-сөөк, кайын журтунун алдын депутат, артын министр кылып келгенин жалпы журт билет. Эми парламенттеги өздүк партиясынын бошочу орундарына да өңчөй өзүнүн жардамчы болуп жүргөн «кол балдарын» алып келүү менен туугандык, жек-жаатташкан кланды түзүүнү максат кылып жатабы? Парламенттеги бир дагы фракция «Кыргыз­стан» партиясындагыдай туугандардын уюгуна айланбаса керек. Буга чейинки алып келген кадрларынын тигинтип четинен ашмалтайлары чыгып жатса да бул эргулуң мамлекеттик бийликти качанкыга чейин тебелей бериши ке­рек? Жогорку органдар алкомагнаттын бизнесин гана эмес, парламенттеги фракциясын жана тизмесин текшерүүгө алышса бүксүйт беле? Баса, кезекте депутат болчулардын катарында өкүл бала, эжеси да бар экени чынбы? Элди аракка сугарган эргулдан өзү ушундайды эле күтөбүзбү? Бу көпкөн көпөстүн парламентке келчү «кол балдарынын» баскан издерин тыкыр изилдеп, бет пардаларын ачпасак болбой калды.

Канжар БОРПОШОВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: