Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тынч жатып калганы коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Учурда анын алдыдагы саясий жүрүштөрү баарынан кызык болуп турат. Саясатчылардын күткөнү да ушул. Атамбаевдин айланасындагылардын айткандарына караганда жакында чоң жаңылык болот. СДПК партиясын күчтөндүрүү үчүн бир топ пландар иштелип жатканын каңкуулашууда. Ачыгын айтканда Атамбаевсиз саясат кызыксыз болуп жатат. Роза Отунбаева болсо СДПКга теңтайлашкан партия түзүү керектигин жар салып жиберди. Бирок анын бул сунушу канчалык деңгээлде ишке ашаары белгисиз. Отунбаева партия түзөбү же камалабы деген суроо да маанилүү болуп турат…
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ