Ардактуу жаздай жаркыган айымдар!
Ошентип жаз айы дагы кучагын жайып кирип келди. Жаз менен бирге жарыша 8-март аялдардын Эл аралык күнү да кирип келет эмеспи. Андыктан Ардактуу айымдарды жаз жытына жуурулушкан майрам күн менен куттуктаймын. Ушул күнү биз ар качан адамзаттын кɵркү болгон айымдарыбызды даңктайбыз. Жаратканыбыз аялзатына дүйнɵнү кɵрккɵ бɵлɵгɵн, турмушубуздун маани-мазмунун арттырган сүйүүнүн жана боорукерликтин улуу күчүн ыйгарган экен. Айымдардын жүрɵгүнɵн чыккан жылуулук жана камкордук тирүүлүктɵ мырзалардын күчүнɵ күч, демине дем кошуп, үмүт билигин узартып, келечекке ишенимиңди арттыраарын тана албайбыз…
Айымдар ар бир доордун, ар бир ирмемдин назиктигин, сулуулугун, тунуктугун жана улуулугун да ɵздɵрүнɵ сиӊирүү менен ошол доорду жана ирмемди кɵрккɵ бɵлɵп келген.
Аялзат – үй-бүлɵнүн куту, ɵмүрдүн булагы. Дүйнɵдɵ ар бирибиз ардактаган апабыз, арка-жɵлɵк болгон эже-карындаштарыбыз, жаркыраган кыздарыбыз бар биз бактылуубуз.
Мээримге толгон эне тилеги, ааламды жаркыткан айымдардын сулуулугу, сүйүүгɵ толкуган селкилердин жүрɵгү ар дайым бейпил жана жаркын күндɵрдүн нуруна бɵлɵнүп турсун!
Ар бир күн сиздерге бакыт жана кубаныч тартууласын!
Жогорку Кеӊештеги
СДПК фракциясынын депутаты
Абтандил Кулбараков
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ