2002-жылдын 17-мартында болгон каргашалуу Аксы окуясына быйыл 16 жыл болот. Акыйкаттык издеген аксылыктар ошол кездеги президент Аскар Акаевдин “жоокерлеринин” аткан огунан алты уулун жоготкон. Аксы окуясы өлкөдөгү эки революциянын башаты болуп бергенин эч ким тана албайт. Быйыл 17-март күнү борбор калаадагы борбордук аянтта 7-апрель жана Аксы окуясында каза болгондор үчүн тургузулган эстеликтин жанында окуяны эскерүү митинги болот. Ага белгилүү саясатчылар бир тобу келе турган болуп жатат. Өткөн жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев да өзү жалгыз келип, эстеликке гүл коюп, каармандарга таазим кылган болчу. Быйыл да мурунку президентти борбордук аянтта көрүп калышыбыз мүмкүн. Өзү дагы “Аксылыктар, силер мени Акаевден сактап калдыңар” деп айткан жайы бар эмеспи. Экс-ажону да ошол жерден күткүлө…
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ