Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, министрлик жана административдик ведомстволордун бир катар жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды.
Аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу так эмес жана сапатсыз маалыматты бергендиги үчүн төмөнкү чечим кабыл алынды:
Төмөнкүлөргө сөгүш жарыялансын:
Самат Бөрүбаевге – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:
Уран Ахметовго – Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Бактыбек Секимовго – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы;
Азамат Эркебаевге – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Илияз Ташбаевге – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкару боюнча фонддун статс-катчысы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун кызмат ордун киргизүү жөнүндөгү буйругун аткарбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге белгиленген тартипте сөгүш жарыяланды.
2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн төмөнкү чечим кабыл алынды:
Төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:
Адылбек Касымалиевге – Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Төмөнкүлөргө катуу сөгүш жарыялансын:
Артем Новиковго – Кыргыз Республикасынын Экономика министрине;
Гүлмира Кудайбердиевага – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри;
Нурбек Мурашевге – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Уланбек Рыскуловго – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Абдыкалык Рустамовго – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Бактыбек Абдиевге – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.
Аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын аткаруу жөнүндө так эмес жана сапатсыз маалымат бергендиги, 2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге катуу сөгүш жарыяланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ