Кыргызстанда педофилдердин саны улам өсүп баратат. Бул жөнүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымдады.
– 2016-жылы 110 бала зордукталган. 2017-жылы 151 бала сексуалдык зомбулукка кабылган. Балдар көбүнчө, 80 пайызы десек жаңылышпайбыз, жакындары тарабынан зордукталып жатышат, — деп тызылдады Курсан Асанов. Милициянын генералынын айтымында, 2017-жылы бачабаздык боюнча 121 иш сотко жөнөтүлгөн.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ