Menu

“Ачык саясат”: Ачууга алдырып ашыкча сүйлөгөн Атамбаев

Бөлүшүү:

Мамлекетти башкаруу бактысы буюрган Атамбаев чындыгында көзгө көрүнүктүү бир топ эле иштерди жасады. Эми анын баарын тизмелегендин кажети жок. Бирок бийликке үй-бүлөсүн аралаштырбаса да партиялаштарына жакшы эле колдоо көрсөттү. Биз муну ачык эле айтышыбыз керек. Соңку жылдардын аралыгында мамлекеттин эң жогорку бийлик бутактарындагы үлкөн кызматтарда жалаң өзүнүн партиялаштары отурушту. Тагыраак айтканда ал өзүнүн саясатын толук кандуу жүргүздү. Эми элдин эсинде кандай кыял-жоруктары менен калмай болду? Албетте, эң биринчи эле ачууга алдырып ашыкча сүйлөгөндүгү менен деп айтсак жаңылышпайбыз. Президенттик мөөнөтү аяктап бара жаткан учурда ар тармакта эмгектенген мекендештерибизге мамлекеттик наамдарды жана башка сыйлыктарды бергенден эч аянбады. Чындыгында бул жагынан абдан берешен адам экен…

Сөз соңу

Кыргызстанды биз сөз эркиндигин баалаган демократиялуу мамлекет деп канча жолу атабайлы, биз өлкөдө эки жолу революция жасап бийликти алмаштырганбыз деп канча жолу какшабайлы , баары бир Орто Азияда экономикасы жагынан эң артта калган мамлекет болуп эсептелебиз. Биз азыр улуттук лидерге суусап турган учурубуз. Ошон үчүн жаңы шайланган президентибизден үмүт кылып туралы…

Нурислам КАБАКБЕКОВ

Булак: Ачык саясат 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: