Menu

Ырысбек Өмүрзаков, журналист: “Өкмөттү алмаштырмайын, сөгүштөрдүн эч бир таасири болбойт”

Бөлүшүү:

– Премер-министр Сапар Исаковдун айрым министрлерге сөгүш бергени ишти илгерилетүүгө жасаган аракетиби же аргасы кеткендеги амалыбы?

– Эки кожоюну бар өкмөт башчы кандай аракет кылбасын, өкмөт мүчөлөрүнүн иштери мамлекетти да, элди да жыргатпайт. Азыркы премьер-министр президентке эмес, экс-президентке көз каранды болуп турган кезде, мамлекеттик иштерди илгерлетүү тууралуу сөз кылуу деги эле жаш баланын сөзү болуп калып жатат. Премьер- министрдин айрым министрлерге сөгүш береби, ашата өздөрүн сөгөбү, эч жыйынтык чыкпайт. Мыйзамга баш ийбеген, мыйзамдан тышкары болгон, тап-таза коом түзүп жүрө беребиз. Коррупция менен күрөшүүдөбү, экономиканы оңоо жолундабы бир да өзгөрүү болбойт. Мына, кайсы министрликти албайлы, Атамбаев койгон чиновниктер биринчи ирет Атамбаевдин, андан кийин өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп турган кези. Күч органдарына президент түз буйрук бере албайт. Анткени, буйругун экс-президент менен кеңешип туруп, аткарымыш болушат да, бири сөгүш беримиш, экинчиси сөгүш алымыш бо­луп орундарында олтура беришет. Сот бийлиги Атамбаевдин атынан эле өкүм чыгарышып аткандыгы, айтылбаса да, көрүнүп эле турат. Сооронбай Жээнбеков көзөмөлдөгөн укук коргоо органдарынынын жетекчилерин алмаштырбаса, айткан сөздөрү “бакылдак” бойдон кала берет. Азыр, чечкиндүү болбосо, эртең кеч болуп калат. Өкмөттү алмаштырмайын, сөгүштөрдүн эч бир таасири болбойт…

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: