Menu

Жолдош Орозов, жарандык активист: “ТЭЦтеги, Бажыдагы желген миллиарддаган акчалардан буйтап кетүүнүн жолун издеп жатышат”

Бөлүшүү:

– Премер-министр Сапар Исаковдун айрым министрлерге сөгүш бергени ишти илгерилетүүгө жасаган аракетиби же аргасы кеткендеги амалыбы?

– Азыр коомчулукта Сапар Исаковдун иш-аракетине жараша ар кандай ача пикирлер айтылууда. Чынында позитивден негативи көбүрөөк. Сыягы, мындай кептердин баары, премьер-министр, прези­дент, жадагалса ЖКнын төрагасы да экс-президенттин кол балдары болгон үчүн айтылып жатат окшойт. Ошондуктан бул үч бийлик бутагынан тез аранын ичинде мамлекетке олуттуу өзгөртүү кирги­зип жиберет деп ишенүү кыйын. Бирок, Сапар Исаков бөлөктөргө караганда кандайдыр бир аракеттерди жасаганга умтулууда. Ошон үчүн айрым министрлерге сөгүш берди. Себеби, жакын арада эле койгон талаптары аткарылбай жатат. Кашайып мамлекеттик кызматтардын көбү жөндөмү жок адамдарга толуп кал­ганы үчүн Сапар Исаковдун сөгүш берүүдөн бөлөк аргасы калган жок да.

Ошондой болсо дагы мурунку президенттин тегерегиндегилер мамлекетти тейлеп жа­тат деген сөздөн элди алаксытуу үчүн биринин артынан бири отставкага кетип жатат. Сыягы, бул план өйдө жактан түзүлгөн. Алар “элдин бизге болгон кыжырдануусу сууй түшсүн деген”- максатта ушул ыкманы тандап алышты. Мисалы: Фарид Ниязовдун, жылкы теппей, жылан чакпай эле сайгак тийген эмедей үлкөн кызматтан качышын кандай түшүнсөк болот? Ошол эле шоуну өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев “ката кетирдим” деген шылтоо менен жасады. Демек, мурун өзүлөрү пландаган орун алмашууларды ишке ашыруу үчүн 4-5 жетекчини кызматынан алышат. Ошондой болсо да, февралда боло турган орун которуу эмнегедир кечеңдеп жаткансыйт. Бир сөз менен айтканда, элди алаксытуу үчүн сөгүш жарыялап, кээ бир министрлерди кызматынан алып, “мына иштеп жатабыз” деген түр көрсөтүү максатын тымызын ишке ашырышат. Бөлөк алгылыктуу мамлекеттик деңгээлде жүргөн ишти көргөнүбүз жок.

Ошондой болсо да, жогору жактагылар ТЭЦ менен бажыдагы желген миллиардаган акчалардан буйтап кетүүнүн амалдарын ойлошууда. Негизин айтканда дагы алдыда ойнолчу оюндар көп десек жаңылышпайбыз?.. Бирок, алданган эл ойгоно баштады.

Булак: Майдан.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: