Menu

Азимбек Бекназаровдун президентке ачык каты: Унчукпай коюуга укугум жок

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президенти

С. Ш. Жээнбековго

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргызстандын мурдагы баардык президенттерине түздөн-түз, ачык сын пикир, сунуштарын айтып келген бир кыргыз катары, адатымча “Унчукпай коюуга укугум жок” — ​деп сизге да өзүмдүн ой-пикир, сунуштарымды каалоо иретинде ачык билдирүүнү туура көрдүм.

Дүйнө жүзүндө кыргыз элиндей өз бийлигине момундугун, чыдамкайлыгын, анан күч келгенде жоокер эл экендигин көрсөтө алган эл болбосо керек.

Кыргыз эли ошол мүнөзүн мурдагы баардык президенттерге көрсөткөндөй, сизге да “Убакыт берели, иштесин” деп үмүт артып турган чагы.

Бирок, күн өткөн сайын коомчулукта сизге болгон үмүттөрдүн негизинде ар түрдүү пикирлер айтылып, акырындап алар топ-топторго бөлүнүп, бириге баштады. Анткени, мурай турган мезгил жакындап келүүдө.

Биринчи топту албетте сизге ашкере жагынууну көздөшкөн, кезеги келген эле жерде “Сооронбай жакшы адам, айыл чарбаны билет, жакшы адамдын баласы” деп сизди айга-күнгө теңеп, сиз менен өмүр бою бир үйдө, бир төшөктө чоңойгондордой кейиптеги, сизге дүжүр болсом “Ак шумкар”, “Манас” ж.б сыйлыктарды алсам дегендер түзөт.

Албетте аларды түшүнсө да болот. Себеби, Атамбаев өзүнүн дүжүрлөрүнө, айланасында чоңоюшкан балдарына, катчыларына сыйлык, чиндерди аянбастан бербедиби.

Кыргыз мамлекетине, элге Президент болгон адамдын “жакшы адам” экени же “айыл чарбаны жакшы билгени” эле жетишсиз. Өлкө, журт башчыга, башкы колбашчыга чечкиндүү, бирөөнүн көзүн карабаган, элим-жерим деген патриот, үзүлгөндү улаган кеменгер, тууганчыл эмес, туура калыс бийлик жүргүзгөн, акыйкаттык, бекем тартип үчүн катуу Президент керектигин сизге дүжүр болобуз дегендер айтып жаман көрүнбөйт.

Мындан башка, айрыкча түштүк жергесинде сизди чын дилинен колдоп “Шашпагыла, март айы аяктаса Сокебиз ким экенин көрсөтөт, өз команда-партиясын түзөт, биз Атамбаев же анын СДПКсы үчүн Сокени колдогон эмеспиз, биз Сооронбайга өз командасын түзүп, өз саясатын Атамбаевсиз жүргүзөт деп ишенип колдогонбуз” дешип улам-улам өздөрүн сиздин жаңы команда-партияңыздан көрүшкөн аке-үкөлөрүбүз экинчи топту түзүшүп, үмүттөрү үзүлө элек.

Ушул топко “бийликке ким келсе ошол келсин, кандай гана жол менен болбосун улам кийинки жаңы Президенттердин колтугунда, бийликте, байлыкта жүрсөк болду” дегендер да кошулат.

Алардын көбү Акаевдин доорунда Айдар, Бермет (Акаевдер), күйөө балдар, балдыздар аркылуу үй-бүлөлүк “Алга Кыргызстан” партиясында, кийин Бакиевдин заманында Жаныш, Акмат, Максимдин (Бакиевдер) колтугуна киришип, Бакиевдердин “Ак жолунда” жүрүшкөндөр. Алар Атамбаевдин доорунда көпчүлүгү СДПКга кире алганы менен Икрамжан (Илмиянов) үкөмдүн жардамы менен СДПКнын жандоочу партияларын түзүшүп, Парламентке киришип, СДПКдан үмүттөрүн үзбөй, кезек күтүп өз партиясынын эмес СДПКнын (Атамбаевдин)“оор жүгүн” көтөрүп жүрүшкөндөр. Атамбаев, анын партиясы Сизди президенттикке көрсөткөн күндөн бери Асылбек (Жээнбеков) үкөмдүн көлөкөсү болуп ээрчип жүрүшөт. Булар Президенттер үчүн да, өлкө, улут үчүн да эң коркунучтуу адамдар.

Дагы бир чоң топ – булар Акаев, Бакиев, Атамбаевдердин авторитардык режимин ачык сындап күрөшүп келген эркин саясатчылар, саясый-коомдук, жарандык коомдордун жана төртүнчү бийликтин айрым өкүлдөрү. Бул топко кыргызым деген улутчул-мекенчил күчтөрдү кошсок да туура болот. Бул топтун өкүлдөрү мамлекетчил, укукчул, мекенчилдик позицияны кармангандыктан, сизге толук ишенбегени менен көпчүлүк эл катары “Бирөөнүн мураскору болуп шайланбадыбы, өзүн толук кандуу көз карандысыз Президент катары сезиши үчүн убакыт, мүмкүнчүлүк берилиши керек, калганы Сооронбайдын өзүнүн аракетине жараша болот” деген эркин инсандардын, күчтөрдүн тобу. Түпкүлүгүндө бул топ сиздин ишеничтүү жөлөгүңүз же “келишпес душманыңызга” айланышы мүмкүн.

Мындан сырткары сизге таптакыр ишенбеген, Президент катары тааныбаган “Сооронбай Атамбаевсиз кымындай да иш кыла албайт” — ​деп өздөрүн Жээнбековдун оппозициясы катары эсептеген аз сандагы топ бар. Бирок бул топ сизди “Атамбаевдин ишин аткарат” дегени менен Атамбаевди эч качан сизди сындагандай сындап, сын-пикир айтпаган. Бул топтун мүчөлөрү СДПКнын “Сооронбайды биз Президент кылганбыз, биздин айтканды кылбаса, ошол күнү жок кылабыз” кыязында сүйлөгөн айрым мүчөлөрүнөн айырмасы жок. Бири муштумун көрсөтсө, экинчиси “Мен айтпадым беле” деп кекетип тургандай. Жогоруда аталган топтор келечекте сиздин Президенттик ишмердүүлүгүңүзгө таасир берүүчү күчтөргө айланары бышык.

Айтор, Сооронбай Шарипович, карапайым эл “Сокебиз кантип өлкөнү башкарат же Атамбаевдин техникалык Президенти болуп, эптеп 6 жылын өткөрөбү” дешип түшүнбөй турган чагы.

Ушундай жагдайда, сиз көңүлгө аласызбы, албайсызбы, сиздин мурдагы үзөңгүлөшүңүз, замандашыңыз катары төмөндөгүдөй кеңештерди жолуга албаган соң ачык кат түрүндө берип жатам.

Биринчи кеңеш:

“Бардыгы Алланын буйругу менен” дегендей экс-президент Атамбаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү, көпчүлүк элдин колдоосу менен Кыргызстандын бешинчи Президенти болдуңуз. Буйрусун. Бирок, сизди колдобогон эл 6 жыл Атамбаевдин же анын партиясынын эле Президенти бол деп ыйгарым укук берген жок. Сиз бүгүн де-факто, де-юре Атамбаевдин да, түрмөдө жатышкан Д. Чотонов, Б. Асанов, Ө. Текебаев, Т. Калматов ж.б. качып жүрүшкөн М. Мырзакматов, Ө. Бабанов ж.б. СДПК партиясынын да, «Республика- Ата Журт», «Ата-Мекен», «Асаба» ж. б. партиялардын да сиздин жеңишти тааныгандардын да, тааныбагандардын да, сизге добуш бергендердин да, бербегендердин да дегеле Кыргызстандын жалпы элинин Президентисиз. Президент болуу бул жалпы элдин, өлкөнүн жоопкерчилигин моюнга алуу, жүгүн көтөрүү. Тилекке каршы биздин мурдагы Президенттер эл, өлкө үчүн жоопкерчиликти моюнга албай, бийликке жана байлыкка келишкенин гана тарыхка калтырып кетишти.

Сиз эч качан Акаев менен Бакиевдин кетирген тарыхый каталарын кайталоого укугуңуз жок. Алардын эң биринчи, башкы катасы – өздөрүн бийликке алып келген үзөңгүлөштөрүн, саясый-коомдук күчтөрдү жээрип, кеңеш берсе душмандай көрүп, куугунтуктап, алардын ордуна саясый сойкулардан команда курап, чет элдик кеңешчилерди күтүп, алардын айтуусу, шыкагы, мактоосу менен жаңы үй-бүлөлүк партияларын түзүп, ошолор менен өлкөнү башкарышканы болду. Натыйжада өлкөдө авторитаризмдин жаңы түрү — ​үй-бүлөлүк башкаруу режими орноп, мамлекеттик бийлик машинасы бир үй-бүлөгө кызмат кылып калган. Аягы эмне менен бүткөнүн эсиңизге салам.

Асти, өз партияңызды, командаңызды жаңыдан түзөм дебеңиз. Эгерде жаңы партия түзсөңүз, партияңызга кимдер мүчө болору деле айдан ачык. Чет өлкөдөн же космостон жаңы адамдар келбейт. Баягылар, акчалуулар, саясый сойку-кошаматчылар эле кирет.

Өзүңүз туура белгилеп жүргөндөй, Жээнбековдор көп жылдан бери СДПКнын мүчөсү болуп жүрүп — ​элчи, губернатор, министр, премьер-министр, депутат, спикер, Президент болдуңар. Жаңы партия түзүү — ​ичкен кудугуңа түкүргөндөй эле болот.

СДПК партиясы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы үч президентти (Р. Отунбаева, А. Атамбаев, С. Жээнбеков), үч спикерди (А. Жээнбеков, Ч. Турсунбеков, Д. Жумабеков), төрт премьер-министрди (А. Атамбаев, Ж. Сатыбалдиев, С. Жээнбеков, С. Исаков), ондогон Өкмөт мүчөлөрүн, губернатор, акимдерди, мэрлерди чыгарган партия. Жогорку Кеңеш 100 пайыз партиялык тизме менен шайланган күндөн бери (2007-ж.) баардык чакырылышта жеңишке ээ болуп, Парламентте туруктуу фракциясы бар жападан жалгыз тарыхый партия. Баардык саясый, тарыхый окуяларда: Аксы окуясында (2002-ж.), март революциясында (2005-ж.), апрель революциясында (2010-ж.) эл тарабында болду. Кыргызстанда мындай ийгиликке жетишкен бир да партия жок. Бул ийгиликтер А. Атамбаевдин жеке эмгеги.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, эгерде сиз Президент катары өз изимди тарыхта калтырам десеңиз, өз партияңызды, командаңызды түзүүнү ойлобой, өлкөдө кандай реформаларды жүргүзүп, эмне иштерди кантип аткарасыз, ошону ойлонуңуз.

СДПКны ичинен тазалап, жаңылап, кеңейтип, жаңы багытты белгилеп, Атамбаев, андан мурдагы президенттер бүтүрө албаган же бүлүндүргөн иштерди аягына чыгарсаңыз, ошону менен тарыхта каласыз.

Мисалы, В. И. Ленинден кийин СССРди башкарган И. Сталин ошол эле Лениндин, Компартиянын аты менен адамзатында мурда болбогон социалисттик системаны дүйнө жүзүнө таркатып, СССРди соко абалынан атомдук державага жеткирген. Ушул эмгеги, реформалары менен СССРдеги баардык элдердин атасы, совет элин түзүүчү адам катары тарыхта калды. И. Сталин үчүн элдер танк алдына боюн таштап, өмүрлөрүн кыйган.

Россиянын биринчи Президенти Б. Ельциндин мураскору В. Путин ошол эле Б. Ельцин түзгөн партия менен Ельциндин убагында батыштан келген либералдык-демократия менен ууланган партияны ичинен жаңылап, коммерсант-бизнести, саясаттан бөлүп тазалап, Россиянын элине, экономикасына орустун өзүнүн демократиясын, тартибин, духун кайра берип, чачылып бараткан Россияны сактап эле калбай, туура жолго салды. Буга Б. Ельцин өзү да ыраазы болду.

Өзбекстандын жаңы Президенти. Ш. Мирзиёев И. Каримовдун мураскору катары бийликке келгени менен мурдагы Каримовдун мезгилинде кетирилген кемчиликтерди оңдоп, жаңы багыттарды белгилеп, элдин ишеничине кирүүдө. Каримовдун мезгилинде түзүлгөн коңшу өлкөлөр менен жаңы алака түзүүнүн өзү эмне деген эрдик?

Сиздин деле, Атамбаевдин мураскору катары өзүңүздүн жаңы кадамдар менен СДПКнын толук ишенимин алып, жалпы элдин Президентине айланууга моралдык, саясый, укуктук жактан толук мүмкүнчүлүгүңүз бар. Буга СДПКнын атамандары А. Атамбаев, Мискенбаев, Карамушкина каршы болбосо керек.

Кептин баары өзүңүздө…

(Уландысы кийинки санда)

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: