Menu

Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «ТЭЦте жети киши иштеген жамаатта ата-бала иштегени туура эмес»

Бөлүшүү:

— Исхак Абсаматович, ТЭЦте үй-бүлөлүк башкаруу орноп калганын айтып сындадыңыз. Үй-бүлөлүк башкаруу орноп жатса, силер 386 млн доллардын изин табабыз деп иликтеп жатканыңар бир тыйын го?

— Азыркы изилдөө мезгилинде ушундай факт чыкты да. ТЭЦ модернизация болуп жатканда, булар атайын жумушчу топ түзгөн. Ал топ жети кишиден иштейт экен. Ошол эле топто атасы жана баласы иштеп калыптыр. Мен ошону айтып, ТЭЦте жети киши иштеген жамаатта ата-бала иштегени туура эмес деп айтып чыктым. Андан тышкары ТЭЦтин мурунку директорунун бир тууган агасы, бир бөлүмдүн начальниги экен. Ошондой эле Васильевдин келинчеги иштейт экен. Бул систем жакшылыктын белгиси эмес. Эгерде жөнөкөй жумушчу, ширетүүчү, сантехник болсо, анда мен унчукпайт элем. Ал эми акчага жакын кызматта үй-бүлөлүк башкаруу орноп жатканы уят, туура эмес иш да. Эмне жети адам иштеген топто ата-баладан башка өлкөдө татыктуу кадр жокпу?

Маектешкен Альбина Калыкова

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: