Menu

Жер-жерлерден келген жаштар эл өкүлдөрүнүн астына аймактарда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселесин коюшту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеӊештин жаш депутаттар тобу Кыргызстандын 6 облусунан келген 27 жаштар уюмунун мүчөлөрү жана алар жашаган аймактардагы айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен жолугушуп, кыргыз парламенти менен бирге жаштар көйгөйүн чечүү, жаштардын коомдогу орду, тынчтыкты сактоо, өлкөдө туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу сындуу бир катар орчундуу маселелер жаатында пикир алышты.

Жолугушуунун демилгечилеринин бири депутат Аида Касымалиева бир жылдан бери устат катары биргелешип иштешип келатканын эске салуу менен бирге, бул мезгил аралыгында жаштар лидерлик өнөр жаатында бир топ тажырыйба топтоп, өз аймактарындагы жаштар менен жакындан ийгиликтүү иш алпарып жатышканын белгиледи. «Бул жолку жолугушуунун негизги максаты сиздер келген аймактардагы негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо болуп саналат. Ошондон улам, жаштар талкууга жандуу катышып берет деген ишеничтемин», – деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар жаштар билим берүү системасы эскирип бүткөндүгүн, өткөн кылымдын талабы менен бүгүнкү шартка ылайык адистерди даярдаганга аракет кылынып жаткандыгын айтып, мындай аракеттерди токтотууга мезгил келип жеткенин белгилешти. Мындан сырткары, диний маалыматтар, айрыкча, социалдык тармактарда туура эмес чагылдырылып, туура эмес комментарийлер кетип жатканына тынчсызданган билдирүүлөр болду. Айрым жаштар региондордо ар кайсы дин өкүлдөрүнүн башын бириктирип, “тегерек столдорду” уюштуруу менен диний маселелер боюнча так маалыматтар берилсе дешти. Кээ бир аймактарда жаштардын ичкиликке, баңгиликке тартылышына жашы жете электер менен иштеген инспекторлор жана социалдык педагогдордун өз иштерине жасаган шалаакылыктары себеп болуп жатат. Ал эми жаштардын криминалдык чөйрөгө тартылышына бөгөт коюу үчүн ар кандай спорттук мелдештерди, акыл оюндарын уюштуруу сунуштары түштү. Экология маселесине токтолгон жаштардын бири целлофан пакеттерди зыянсыз баштыкчалар менен алмаштыруу, таштандыларды кайра иштетүүгө басым жасоо керектигин белгиледи.

Бир катар жаштар болсо жер-жерлерде эрте турмушка чыгуу фактылары көп экенин айтып, ага билимсиздик, мектептердеги билим сапатынын төмөндүгү, мектепке болгон кызыгуунун жоктугу себеп болуш жатканын айтышты.

Талкууда депутат Мирлан Жээнчороев жергиликтүү айыл өкмөттөрүнө, жергиликтүү кеңештерге билимдүү жаштар келмейин региондор өнүкпөстүгүнө токтолуп, мектептерди 11-класска чейин окууну милдеттендирүү керектигин баса белгиледи. Эрте турмушка чыгуу улут генофондуна терс кесепетин тийгизерин айткан депутат жаштарды “Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат” деген деген макалды жадыбалдан чыгарбоого чакырды.

Эл өкүлдөрү жаштар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер боюнча чогуу –чаран иш алпарууга убада кылышты. Ошондой эле мындай бейформал жолугушууларды дагы улантуу боюнча бир пикирге келишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: