Menu

Сокулукка Кытай грантынын эсебинен заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория курулат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеӊеш жыйынында Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Акматов баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, КР Өкмөтү менен Кытай Өкмөтүнүн Макулдашуусун ишке ашыруу максатында гранттык жардам берүү менен ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо каралган. Макулдашуу долбоорунда лаборатория курууга Кытай Өкмөтү тарабынан жалпы суммасы 650 млнь кытай юаны бөлүнөрү белгиленген. Муну менен ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу менен эл аралык талаптарга ылайыкталган айыл чарба продукциясын сертификациялоо көйгөйүнүн чечилип, ата мекендик продукциялардын экспорттун потенциалын жогорулатууга шарт түзүлөт.

Мындан улам, аталган лаборатория үчүн жер тилкесин бөлүү маселеси келип чыккандыктан, мыйзам долбоору иштелип чыккан. Аталган министрликте мындай лаборатория курууга жер тилкелери караштырылып, Сокулук районундагы Ак-Жол айылы (Раздольное), Ат-Башы айыл өкмөтүндө жайгашкан жер тилкелери тандалып алынган. Маалыматка ылайык, бул жер тилкесин лаборатория үчүн трансформациялоого район жетекчилери жана жергиликтүү эл менен сүйлөшүүлөр болуп, айыл өкмөтүнүн макулдугу алынган. Мындан сырткары, мыйзам долбоорунун 2-окуудагы талкуусунда долбоорго агробиохимиялык лабораторияларды да курууга жер тилкесин бөлүү сунушталып, кабыл алынган.

Талкууда бир катар эл өкүлдөрү мыйзам долбоору зарылдыгын, ал кабыл алынса туура багытта иштеши керектигин баса белгилешти.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: