Бишкек шаардык сотунда Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланды. Депутат биринчи инстанциянын чечими саясий өкүм болгонун, бир дагы далил, ага карата тагылган күнөө тергөөдө да, сотто дагы бекемделбегенин билдирип: «Мен тендерге катышкан эмесмин. Мамлекетке зыян келтирилген эмес. Силерге дагы эмне керек? Мен мыйзамдуу түрдө ак экенимди силерге далилдей берип чарчадым. Мага абройлуу кардиолог врачтар лечение алуума олуттуу көңүл бурушум керектигин айтышкан. Кайда шашасыңар?» – деп агынан жарылды. Ырасында, Шыкмаматовдун иши саясатташып кетти. Шыкмаматовдун машинасы 13 500 доллар деп, 3 500 доллар кымбат баалаган деп айып таккандар, 300 долларлык видеокамераны 14 500 доллардан алдык деп жазышкан ТЭЦтеги коррупцияны көрбөй жатышкандары өкүндүрөт. Жерге түкүртөт…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ