Кечээ, 14-декабрда Өзбекстандын борбор шаары Ташкенттеги “Локомотив” эс алуучу маданият паркында жаңы жылдык балаты орнотулуп жатып өрт чыкты. Бул тууралуу Ташкенттин шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн чыгуу себеби, балатыны кооздоочу жарыктардан техникалык жактан мүчүлүштүктөр кеткенинен улам чыккандыгы болгон. Окуядан жабыркагандар жок.
Аталган мекеме тургундарды жана шаардын конокторун үйлөрдө, ар кандай мекемелерде балаты кооздоп жатып, өрт коопсуздугун сактоого чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ