Бул тапта кыргыз журтчулугу 20 кылымдагы дүйнөлүк адабияттын классиги, улут сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин кызуу белгилеп жатат. Дүйнөгө Чынгыздай улуу талантты берген Талас жергесинде, жазуучунун киндик каны тамган Кара-Буура аймагында да өзгөчө шаң-салтанат.
Учурда 85-жаштын суусун ичип аткан Бүкөн Султанбекова Чыңгызды, жалпы эле Айтматовдордун үй-бүлөсүн жакындан билген, “атылбай калган аркардай” сейрек адамдардын бири. Анткени, ал Ч.Айтматов менен айылдаш, же куракташ болуп эле чектелбейт. Бүкөн чоң эне залкардын жакын туугандарынан, анын карындашы. Али карылыкка моюн суна элек, баскан-турганы тың, сөзү орундуу.
Бүкөн чоң эненин атасы Султанбек дагы абасы Төрөкул сыяктуу падышалык Россиянын убагында орус-тузем мектебинен билим алган кыргыздын алгачкы интеллигенттеринен. Ал дагы Төрөкул Айтматовдордун катарында 1937-жылдагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.
Атасынын, туугандарынын сыймыктуу да, оор да тагдырынан баштап кеп козгогон Бүкөн чоң эне Чыңгыз агасынын атагынын чыгышы, тууган-урук менен алака-катышы, аны менен көрүшкөн акыркы чейин күнгө чейин шашпай эстеп, эскерип, кызыктуу аңгеме курат. “Ар бир улуу адамдын колдоочусу болот. Чыңгыз агамдын колдоочусу арстан болчу”, – дейт Бүкөн Султанбекова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ