Menu

“Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” КР мыйзамына кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.

Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

— президенттик республика;

— парламенттик республика;

— бардык варианттарга каршы.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: