Menu

Өкмөт эмне себептен бет каптарды тагынууну талап кылып жатканын түшүндүрдү

Бөлүшүү:

“Эпидемиологиялык абалды турукташтыруу үчүн жарандар беткапты тагынышы керек” – деп билдирди бүгүн, 13-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов

“Айлана-чөйрөгө ооруну жуктурбасын деп бет кап тагынууну талап кылып жатабыз. Биздин республикада дүйнө жүзүндөгүдөй эле, оорунун клиникалык белгилери жок болгон учурлар да болуп жатат. Өзүнүн оорусун билбей, башкаларга вирус жугузушу мүмкүн. Ошондуктан, бет каптарды тагынышы керек. Эпидемия учурунда жеке коргонуу талаптарын сактабаган адамдар мыйзамга ылайык, жоопкерчиликке тартылат. Ошондуктан, айла жоктон ушундайга барып, физикалык жактарга 1000 сомго чейин, ал эми юридикалык жактарга 5 миң сомго чейин айып пул каралган деп элге түшүндүрүп жатабыз – деп билдирди Кубатбек Боронов.
Ал ошондой эле, экономиканын көп тармактарына иштөөгө уруксат берилгенден бери көчөдө элдин саны көбөйгөнүн айтып, туура түшүнүү менен мамиле жасап, колдоп берүүнү өтүндү.

Депутат Дастан Бекешев бул учурда элди бет кап менен бекер камсыз кылууну сунуштады.

“Адамдар ден соолугун сакташы керек. Акчанын жоктугун айтып, 15 сомго бет капты сатып алуу кыйынбы? Эгерде антип колдой берсек, анда эртең бет кабы жоктордун бары чыгат. Эртеси күнү вирус жукпайт деп эч ким кепилдик бере албайт” – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: