Menu

Мээрбек Мискенбаев: “Үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бербейбиз, Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырыш керек”

Бөлүшүү:

“Саясатчы деген өз сөзүнө бек туруп, берген убадасын так аткарыш керек. Мисалы, президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков “эгер агам президент болуп шайланса депутаттык мандатымды тапшырам” деп убада кылган. Бирок алигиче ал убадасын аткарган жок. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруу боюнча ар түрдүү сөздөр чыкпаш үчүн ал депутаттык креслосун таштап кетиш керек эле. Биз буга чейин өзүнүн туугандарын бийликке алып келген эки президентти көргөнбүз. Үчүнчүсүнө жол бербейбиз! Жээнбеков өз туугандарын бийликке жакындатпаган Атамбаевден үлгү алса болмок”, – деп билдирди бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын Шабдан баатыр (мурунку Алматы) көчөсүндө жайгашкан Алмаз Атамбаевдин жеке менчик “Форум” ишканасынын алдында Аксы окуяларын эскерген митингде “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев.

Митингге “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюму баштаган 300дөй Апрель баатырлары катышышты. Кечээ, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин башчысы Мээрбек Мискенбаев “митингге өлкөнүн 7 облусунан 2000 делегат келет” деп убада кылып, гезиттерге интервью берген. Бирок, эмнегедир митингге 300дөй гана киши жыйналды. Жыйындан кийин ал жерге атайын тигилген боз үйлөрдө Апрель баатырларына ысык тамак берилди.

Апрель Баатыры Мээрбек Мискенбаев, 2015-жылы КСДПнын тизмеси аркылуу КР Жогорку Кеңешине депутат болуп келип, парламенттеги бир нече талаштуу билдирүүлөрүнөн кийин депутаттык мандатын тапшырып кеткен. Бирок кыргыз ММКлары Атамбаевдин кийлигишүүсү менен Мискенбаев “Мегаком” ишканасына 80 миң сомдук айлык менен кеңешчи болуп орношуптур деп жазып чыгышкан.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: