Menu

Видео – Ардагерлер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Мелис Турганбаевди күйөрмандары чек арадан тосуп алышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрда Күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болгон Мелис Турганбаевди жолдон туугандары, жердештери, спорт күйөрмандары тосуп алып, башына суур тебетей кийгизип, үстүнө чепкен жабышты.

Эске сала кетсек, Күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты 8-октябрда Грузиянын Тбилиси шаарында башталып, 13-октябрда жыйынтыкталды. Ага ИИМдин мурдагы министри, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев барып, катышып, дүйнө чемпиону болгон. Тагырагы, ал 11-октябрда 56 жаштан 60 жашка чейинки курактагы, (Е категориясындагы) 78 килограмм салмактагы балбандар менен күч сынашып, төрт жолу таймашка чыгып жеңип алган. Ал эң биринчи ирандык Гасем Мохаммад менен, андан кийин украиналык Сослан Адыхаев менен беттешип, жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалда казакстандык Турпарали Сулиминов менен таймашып, аны да жеңип финалга чыккан. Финалда болсо АКШнын балбаны Жорж Бредли Шварц менен күрөшүп, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынган.

Мелис Турганбаев буга чейин эки жолу (2016-ж., 2018-жылдары) эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына катышып, коло медаль алган.

Аталган чемпионатка биздин мамлекеттен бир топ адамдар барып, татыктуу орунга ээ болушкан. Алсак, грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Бердикул Караев (56-60 жаштагылар арасында, 88 кг.) күмүш. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов (41- 45 жаштагылар арасында, 70 кг.) коло медаль алып. 11-октябрда Кыргызстанга кайтып келген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: