Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо алыш белбоо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Эки күндүк мелдеште 585 балбан күрөш килеминде күч сынашты. Жыл сайын алыш күрөшү менен шугулданган балбандардын саны арбып барат. Аны биз мелдеш учурунда өз көзүбүз менен көрө алдык. Чемпионат эркектер жана кыз-келиндер арасында (классикалык, эркин түрү боюнча) өтүп, чемпиондор өз салмак чени боюнча аныкталды. Алсак, эркектер арасында классикалык түрүнөн Эрланбек Мурзабеков (60 кг.), Мадаминбек Шаршеналы уулу (70 кг.), Эсенбек Кудайбердиев (80 кг.), Нурмамат уулу Сапармурат (90 кг.), Жеңишбек Кыргызбаев (100 кг.) жана Кадыр Келсинбеков (100 кгдан жогору). Эркин түрүнөн Баястан Сүйүнбеков (60 кг.), Нурмат Муратбек уулу (70 кг.), Мырзабек Кочкоров (80 кг.), Чынгыз Чалабаев (90 кг), Мирхалил Ибрахим уулу (100 кг.), Асылбек Шадыбеков (100 кгдан жогору). Кыз-келиндер арасынан классикалык түрү боюнча Элзада Момунжанова (55 кг.), Мээрим Мизамидин кызы (60 кг.), Алина Каныбекова (65 кг.), Гүлжанат Бактыбекова (70 кг.), Кундузай Жайчыбекова (75 кгдан жогору). Эркин түрүнөн Анара Рыскулова (55 кг.), Күмүшай Аттокурова (60 кг.), Нурзат Бактияр кызы (65 кг.), Уулкан Алибай кызы (70 кг.), Алтынай Мамарасул кызы (75 кг.), Нагира Сарбашева (75 кгдан жогору).
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ