Menu

Кеменгер кеп: Мен силерге чындыкты айтканы келдим: Сүйүү шексиз. Жашоо чексиз. Кудай эч нерсеге муктаж эмес. Сиз болсо – кереметсиз…

Бөлүшүү:

Күндүн нуруы жалбыракка кантип чыгылышканын көргүң келсе, сенин терезең таптаза болуш керек.

(Рам Цзы)

Капаста болсоң да баары бир уча бер.

(Анита Амирезвани)

Майрамды ар дайым өзүң менен ала жүрүш керек.

(Эрнис Хемингуей)

Музыканын максаты – жүрөктү козгоо.

(Себастян Бах)

Көлөкөлөр күндү өчүрө алышпайт.

(Франс Кафка)

Жалгыз кишиге баардык жер чөл.

(Антон Чехов)

Көп чекит – бутунун учу менен басып кеткен сөздөрдүн издери.

(Владимир Набоков)

Мен силерге чындыкты айтканы келдим: Сүйүү шексиз. Жашоо чексиз. Кудай эч нерсеге муктаж эмес. Сиз болсо – кереметсиз…

(Н.Д.Уолш)

Жоопсуз алган кат – бул колду кезиктире албаган кол.

(Марина Цветаева)

Жамгырды жакшы көрөм, ал асмандын жытын алып келет…

(Макото Синкай)

Өлүмдү гана оңдоп-түзөсө болбойт.

(Эрнест Хемингуэй)

Менин жашап атканымдын өзү мен үчүн керемет: мына ушунун өзү өмүр.

(Рабиндранат Тагор)

Дайыма муздак кишилерди жолуктурганыма караганда, менде жылуулук көп окшойт.

(Сергей Есенин)

Достор унутулуп калганы кандай кейиштүү.

(Антуан де Сент –Экзюпери)

Мага ээ болом деп атып мени жоготуп алдың.

(Фредерик Бегбедер)

Бу дүйнөдөгү маанилүү нерселердин баары кездемеден, же айнектен эмес, чындыктан жана кубанычтан жасалган.

(Ричард Бах)

Сулуулук – бул бир көз ирмемге созулган түбөлүктүүлүк.

(Альбер Камю)

Аз аралык – бул али жакындык эмес. Чоң аралык – бул али алыстык эмес.

(Мартин Хайдеггер)

Кимдир бирөөнү сагынуу – кейиштүү сезимдердин эң сонуну.

(Мария Парр)

Жашоо – бул узак, узак… акыркы демиң чыкканча дем алуу.

(Жан Поль)

Достору бар кишинин досу жок.

(Аристотель)

Достук өлбөй турган болуш керек, кастык өлө турган болуш керек.

(Тит Ливий)

Кээде башка жакта өткөргөн бир күн – үйдө өткөргөн 10 жылга караганда көбүрөөк нерсени берет.

(Анатоль Франс)

Өзүңдү өзүң табуу мүмкүн эмес, өзүңдү өзүң жаратуу гана керек.

(Джони Депп)

Сени бирөө кучактап, бооруна кысып турса, Париждин кимге кереги бар?

(Сесилия Ахерн)

Жашоо деген өзү ушундай. Биз сүйгөн кишилер бизди таштап кетишет. Батереяга байлап эле койбосоң… Бирок, анткенге тыюу салынган.

(Касл)

Итке кандай мамиле кылганыңа карап мен сенин кандай адам экениңди билип алам.

(А.Боссе)

Жашоо – бул конокто өткөргөн бир күн жөнүндөгү эскерүү.

(Паскаль Блез)

Каалагандай жашай албасаң, жок дегенде колуңан келишинче жаша.

(Цецилий Стаций)

Жалгыздыкта өзүң үчүн өзүң көпчүлүк бол.

(Тибулл)

Мамат САБЫРОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: