Фарид Ниязовго азыркы президенттин аппарат башчысы болуп доор сүрүп турган кезде ырчы Съездбек Искеналиевдин аткаруусундагы “Мына минтип” деген ыр абдан жагып калган экен. Кызматтан кеткенден кийин аны Форумда Икрам баш болгон бир топ СДПКчылар жакшылап тосуп алышып, кубанычы койнуна батпаган Икрам мырза баарын карап минтип ырдаптыр:
Алмаз Шаршеновичтин,
Азыр да бийлик колунда.
Фракциянын жоопкерчилиги,
Иса байкенин мойнунда…
Ырдын акыркы сабы бүткөндө СДПКчылар жалпы кол чаба турган учурда аларды Сапар Исаков колу менен жаңсап токтотуп калыптыр, эмнегедир Фарид Ниязовдун да ырын уккусу келип. Ошондо жетине албай илхамы келген Фарид мырза:
Ажо менен кызматташып,
Ак үйдө жүрсөң сонун да.
Эски досум эстен кетпей,
Кайтып келдим Форумга!..
Форум деген сөзгө ыраазы болгон Мээрбек Мискенбаев:
– Кантип?- десе толкунданган Фарид Ниязов:
“Мына минтип, мына минтип, Мына минтип, мына минтип! – деп колунан келишинче кыйшаңдап бийлеп коёт имиш дүркүрөгөн кол чабуунун коштоосунда.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ