Menu

Жөн жүрбөгөн Мискенбаев “чагымчыл” аталды

Бөлүшүү:

Мискенбаев эч кандай Апрель ыңкылабынын баатыры эмес, ал болгону алдамчы, ууру жана чагымчыбы? «Арзан баалуу кагаз» экенин ал жакында өзү деле түшүнөбү? Биз эмне үчүн мындай суроо берип жатабыз? 17-мартта, Аксы окуясын эскерүү күнүндө Атамбаевдин офисинин алдында «сүйлө» дешкенде аны пайдаланып туруп, анан таштандыга ыргытып ийишерин Мискенбаев өзү деле түшүнүш керек болчу да, туурабы?..

Ошондой эле го? Асылбек Жээнбековго тийишкенден кийин ал жооп иретинде «Чагымчыл» деген атка ээ болду. Эми эмне болот? Анткени, аны КСДПнын лидерлеринин бири, президенттин иниси, парламенттин мурдагы төрагасы жалпы элдин алдында «чагымчыл, татыктуу адам эмес» деп атап атат. Мискенбаев да КСДПнын мүчөсү эмеспи.
Эми Атамбаев эмне кылат? Бир жолу колдонулуучу «кагаздай» Мискенбаев менен калабы, же кадыр-баркы бар, чынчыл, чечкиндүү Асылбек Жээнбеков менен калабы? Көзүбүз жетип эле турат, балким, «бутун сүрткөн» соң Мискенбаевди таштандыга ыргытып салсачы? Бул «классикалык стиль» да. Жоопту 31-март күнү алабыз.

Сакен БӨРҮБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: