Menu

Мээрбек Мискенбаев, КСДПчы: “Асылбек Жээнбеков убада берди, депутаттыктан кетет” деп мага Фарид Ниязов айткан”

Бөлүшүү:

«Асылбек Жээнбеков мени чагымчы дептирби? Антип айткыдай, мен эмне, аны аялы менен уруштурупмунбу?”, – деп билдирген бүгүн, 22-мартта “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин лидери, КСДПчы Мээрбек Мискенбаев K-news” маалымат агенттигине.

«Курманбек Бакиев да ушинтип айтчу. «Бир туугандарым бийликке аралашпайт, алар маданияттуу адамдар» деп убада кылган. Кийин алар аралаша баштаганда «эгер алар акылдуу болушса мен эмне кылам?» деген. Ушундай эле окуя бир тууган Жээнбековдордо да болушу мүмкүн. Жээнбеков мени эл шайлаган дептир, эл Жээнбековду эмес партияны шайлаган. Мени айткандарым үчүн партия менен фракцияда да басмырлай башташты. Эгер биз азыр чындыкты айтпасак кийин кеч болуп калат. Асылбек Жээнбековдун мени “татыксыз адам” дегени кыжырымды кайнатты. Мен кудайдан башка эч кимден коркпойм. Кандай болсо ошондой айта берем. Бакиевдин учурунда да мени ушинтип басмырлашкан. Мени булар коркутпай эле коюшсун. Кийинчереээк эл мени колдоп кетет деп ойлойм. Мен Асылбек Жээнбековду маданияттуу жана билимдүү адам деп ойлогом, көрсө башкача экен. Былтыр, сентябрь айында, президенттик шайлоонун алдында мен Таласта жүргөм. Ал жакта эл Бакиевдердин бир туугандарынын окуялары кайталанбайбы деп сурашты. Мен ал суроо менен шайлоо штабына кайрылып, Фарид Ниязовдон сурасам, ал  “Асылбек Жээнбеков убада берди, депутаттыктан кетет” деп айтты. Мен 17-мартта ушул тууралу билдирүү жасаганымдан бери белгисиз бирөөлөр мени куугунтуктап, коркутуп жатышат. Кайталап айтып койоюн, мунун баары майнапсыз. Мен эч кимден коркпойм!”, – деди Мээрбек Мискенбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: