17-мартта Аксы окуясында курман болгондорду эскеримиш болуп, Алмазбек Атамбаевдин Форумунун алдында эскерүү митинги өттү. Анын чыныгы максаты курман болгондорду эскерүү эмей эле мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго сөөмөй кеземей экендиги так-даана билинди.
Анткени “а” дегенде эле “7-апрелчи” Мээрбек Мискенбаев “президенттин иниси Асылбек Жээнбеков агасы мамлекет башына келсе, мандатымды тапшырам деп айткан, депутаттыктан кетсин” деп жар салды. Мискенбаевдин бул билдирүүлөрүнүн артында ким турары, анын түпкү себеби айдан ачык белгилүү. Бул демарш – Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги таасирин жокко чыгаруу аракети.
Атамбаевдин айланасындагы аткошчулар, экс жана азыркы президенттерди бири-бирине тукуруу саясаты жакшылыкка алып келбей турганын алар түшүнүп жатты бекен?
Оюндан от чыгарып албагыла, элге азыр тынчтык гана керек болуп турат.
Элди экиге бөлүп, эки жаат кылып ызы-чууну баштаганы турасыңарбы? Ансыз деле 7-апрелде 10 миң адам менен жөө жүрүш уюштурушуп, үй-бүлөлүк башкарууга жол берилбейт деген ураан-чакырыктар айтылат деп, эл кабатыр. Дагы бир балээ башталып кетет экен деп, ишкерлер кабатыр. Тынчыбаган Кыргызстан менен иш кылып кереги жок деп, инвесторлор беш айланып качып жүрүшөт.
6 жыл бою тынбаган эмгек менен тынчтыкты, туруктуулукту алып келген Атамбаевдин айланасындагы бийликтен кол үзгүсү келбеген кеңешчилери кыска ойлору, алысты көрө албаган кадамдары менен Атамбаевдин бул эмгегин өздөрү жокко чыгарып албаса болду.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ