«Мегакомду» 2015-жылдан бери сатууга аракет кылып, ар кандай чырдын арты менен сатылбай келген. «Альфа Телеком» компаниясын сатып алууга төрт кардар чыкты. Ал компаниялар биринчиси Кыргызстанда катталган “Ака минералз» компаниясы, экинчиси “ALF Consulting SA” швейцариялык компания, үчүнчүсү Түштүк Кореянын компаниясы “Goldenkey Asset Investment & Management”, төртүнчүсү дагы швейцариялык “MTF сервис» компаниясы. Эми бул компаниялардын да артынан былыгы чубалбаса эле болгону. Бул жолу «МегаКомду» сатуу иш жүзүнө ашабы же дагы аксайбы жакын арада белгилүү болот.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ