Диний айыптар менен төрт жылдан бери издөөдө жүргөн Фергана облусунун Маргилан шаарынын тургуну Ботиржон Ибрагимов өз каалоосу менен чет өлкөдөн мекенине кайтып келди.
Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Ботиржон Ибрагимов өз эрки менен кайтып келгендиктен, камакка алынбастан, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Ал «диний мазмундагы материалдарды мыйзамсыз даярдоого, сактоого жана таркатууга» айыпталып, издөөгө алынган.
Ибрагимов диний айыптар менен издөөдө жүрүп, өз эрки менен Өзбекстанга кайтып келген алгачкы жаран болуп калды. Буга чейин укук коргоо органдары анын үй-бүлөсү менен сүйлөшүп, ал «кара тизмеден» чыкканын, эми мекенине коркпой эле кайтып келсе болоорун түшүндүрүшкөн.
2016-жылы декабрда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев диний айыптар менен соттолгон адамдардын үй-бүлөлөрүн реабилитациялоо жараянын баштаган. Мындан соң аймактардагы акимчилик, ички иштер, прокуратура жана атайын кызмат өкүлдөрү күч түзүмдөрдүн кара тизмесиндеги адамдардын үйлөрүнө барып, алардын тизмеден чыгарылганын айтып, кадимки жашоого кайтуусуна жардам бере тургандыктарын убадалай башташкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ