Menu

Тажикстан Орусия өлкө чек арасы аркылуу “Талибанга” курал жеткирилерин четке какты

Бөлүшүү:

Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн башчысы, генерал Жон Николсон 23-мартта Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Орусия “Талибан” кыймылын колдойт жана курал жеткирет деп билдирди. Тажикстан бул маалыматтарды төгүнгө чыгарды.

Генерал Николсон Орусиянын Ооганстанды туруксуздаштыруу аракетине күбө болгонун айтты. Анын пикиринде, орус куралдары ооган экстремисттерине Тажикстан чек арасы аркылуу өтөт.

Николсон Орусия менен “Талибандын” кызматташуусу мурун эле башталган деп эсептейт. Ал Орусия жакында ооган чек арасында Тажикстан менен бирге масштабдуу машыгуу өткөргөнүн белгиледи. “Бул контртеррористтик машыгуу болгон”, -деди генерал. “Бирок биз орустар кандай иштейт билебиз: алар машыгуу учурунда көп санда жабдууларды жеткиришет, алардын бир бөлүгүн окуу болгон жерге таштап кетишет”,- деп кошучалады ал. Генералдын божомолунда бул курал-жарактар чек ара аркылуу талиптерге жөнөтүлөт.

Ал эми Тажик Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара башкармалыгы Жон Николсондун билдирүүсүн четке какты. Башкармалыктын өкүлү Мухаммаджон Улугходжаев тажик чек арасы катуу кайтарыкта экенин, маңзат жана курал-жарактардын аткезчилик жол менен өтүүсүнө бөгөт коюлганын билдирди.

Кабулдагы орус элчилиги Николсондун билдирүүлөрүн ушак деп атады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: