Menu

Автоунааны мыйзамсыз түрдө ээлеп алган жаран кармалды

Бөлүшүү:

Милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, ушул жылдын 22-март күнү кичирайондордун биринде токтоп турган “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар уурдап, айдап качып кетишкендигин билдирип, аларга карата чара көрүүлөрүн суранган, – деп маалымдады  ШИИББдин Басма сөз кызматы.

Бул факты Октябрь РИИБде каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (автомототранспортту же автоунаа каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар 22 жаштагы Т.Н. аттуу жаранды кармашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жаран ушул сыктуу башка 4 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталды. Кармалган жаранды камакка алуу чарасы көрүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: