Menu

Кемероводо өрттөн каза болгондор жерге бериле баштады

Бөлүшүү:

Бүгүн Кемерово шаарында «Зимняя вишня» соода борборундагы өрттө каза болгон 14 адам жерге берилди.

Күн мурун куткаруучулар издөө иштерин аяктаган. ӨКМ башчысынын орун басары Владлен Аксёнов өрттөнүп кеткен имараттан 64 адамдын сөөгү табылганын, дайыны билинбей жаткандар жок экенин билдирген.

Мурдараак Тергөө комитеттин өкүлү тургундардан өрт маалында жакындары жоголгондугу тууралуу 67 арыз келип түшкөнүн кабарлаган. Бирок генетикалык экспертиза аяктаганга чейин каза болгондордун тизмесин жарыялоо мүмкүн эмес экенин белгилеген. Азырынча 25-марттагы өрттүн келип чыгуу себептери аныктала элек.

27-мартта Орусиянын ондогон шаарларында жашагандар бул трагедияда мерт болгондор үчүн аза күтүшкөн. Кемеровонун өзүндө уруксат берилбеген митинг болуп, катышуучулар кырсыктын күнөөкөрлөрүн жазалоону жана өрттө өлгөндөрдүн санын жашырбай, ачык айтууну талап кылышты. Ошондой эле анда облус башчысы Аман Түлеевдин отставкага кетиши керектиги айтылды. Губернатор өзү чогулгандардын алдына чыккан жок. Ошол маалда Кемероводо жүргөн Орусия президенти Владимир Путин дагы митинг катышуучулары менен жолуккан эмес.

Бүгүн Орусияда Кемерово алааматында набыт болгондорду эскериш үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: