Menu

КР Президентинин иш башкармалыгы: “Экс-президент Атамбаевге резиденцияда 1 млн еврого жаңы үй салынды”

Бөлүшүү:
Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы Мамлекеттик резиденцияга экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн жаңы үй салынгандыгын Govori.TV. агенттигине тастыктады.
Иш башкармалык экс-президент Алмазбек Атамбаевди жайгаштырууга резиденцияда имарат жок болгондуктан жаңы үй салуу чечими кабыл алынгандыгын Govori.TVга  билдирди.
«№17 мамлекеттик дача бюджеттен тышкары акчага курулду, мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнгөн жок. Жаңы дачанын курулушуна 89,3 миллион сом жумшалды, анын 77,8 миллион сому Алмазбек Атамбаевдин чөнтөгүнөн бөлүнүп берилди. Учурда ал дачада экс-президент үй-бүлөсү менен жашап жатат»,-деп айтылат маалыматта.
Иш башкармалык экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн курулган дача мамлекеттин менчиги болуп эсептелинерин жана менчиктештирүүгө болбостугун билдирди. Имараттын жалпы аянты 301,8 чарчы метр.
Ошондой эле иш башкармалык №17 дача Президент Сооронбай Жээнбеков жашап жаткан «Ордо» конок үйүнөн кичирээк экенин билдирди.
Эске салсак, кечээ 28-мартта биздин агенттикке «Резиденциядагы жаңы үй Атамбаев үчүн салындыбы?»,-деген макала чыккан. Google Maps карта көрсөтүүчү сервиси аркылуу Мамлекеттик резиденциянынын аймагына 2017-жылы жаңы үй курулуп бүткөнүн көрүүгө болот. Былтыр 2017-жылы мамлекеттик резиденция жетекчилиги аймагына жаңы үй курулуп жатканы тууралуу маалыматтарды ушак деп атаган.

Булак: Govori TV

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: