Menu

Нургазы Анаркулов, журналист: Биз тартып аткан “Президент жана бомж-3” тасмасынын премьерасы АКШда болот

Бөлүшүү:

Биз сизди мыкты журналист катары билчүбүз. Азыр кино дүйнөсүнө аралашып, «Президент жана БОМЖ-З» тасмасынын аткаруучу продюсери болуп жатыптырсыз. Кино тармагына кандайча аралашып калдыңыз?

– Көп жылдан бери үзөңгүлөш жүргөн Өмүрзак байке себепчи болууда… Мен өзүмдүн дараметимди кино тармагында сынагым келди. Кинонун сценарийи да укмуш жазылыптыр. Окуганда ичине сүңгүп кирип кеттим. Бул тасма кыргыз киносундагы мыкты кинолордон болот. Кинонун тартылып жаткан процессине катышып, актёрлордун ойногонун көрүп, мындан мыкты кино болбосуна көзүм жетти. Буюрса, тасманын бетачары болгондо эл киного агылып кирип, билет таппай, эл сүйгөн, эл издеп жүрүп көргөн кино болоруна ишендим. Эсиңиздерде болсо, 18-март күнү ушул кинонун президент эл менен жолуккан эпизодун спорт сарайында тарттык.

– Аталган тасмада сиз да роль жаратып, актёр болосузбу?

– Ооба, мен да актёрлук чеберчилигимди сыноонун астында турам. Мага да роль беришти. Ошол ролдун ажатын ачып, жакшы образ жаратканга аракет кылып жатам. Мен тележурналист болуп ойногону калдым…

– Сиздер тартып жаткан тасманы коомчулук качан көрө алат? Кино тартууга өзү канча убакыт кетет экен?

– Кинонун 60 пайызы тартылып бүттү. «Кудай буюрса, кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу аталган кинонун премьерасын АКШда кылалы» деп турабыз. АКШнын айрым штаттарындагы бир туугандарыбыз биздин кинону 15-апрелден баштап көрө башташат. Кыргызстандагы мекендештерибиз 3-майдан тарта көрүшсө болот.

– Бул тасмада башкы ролдорду кимдер ойнойт? Анткени, азыр кинолор көп тартылып, көпчүлүк учурда үйрөнчүк жаш актёрлор тартылып, кээде ролдорду жогорку деңгээлде аткара алышпай киноискусствосунун кадырын кетирип жатышат го?

– Кинонун режиссёру Кубат Шамшиев. Марат Алышпаев -кыргыздын эң мыкты актёру. Ал экс-президенттин ролун ойнойт. Аскат Сулайманов президент, Тимур Маматкулов премьер-министрдин, Эркин Жолдошалиев спикердин, Санжар Энназаров Жогорку соттун, Шаршен Шейшеев экс-премьер-министрдин ролун ойнойт. Кыскасы, дасыккан актёрлор менен жаш актёрлор катышат. Башкача айтканда, актёрдук курам өтө күчтүү. Ошон үчүн «ортозаар кино болбойт» деп ишенип жатам. Бул кинодон дагы дүйнөлүк жылдыздарды көрүп калсаңар таңкалбагыла. Анткени, Өмүрзак байке кино тартууда бюджеттин чакталуу экенине карабай көпчүлүктү таңкалтырып, Панкратов-Чёрный, Александр Песков, Бари Алибасовдорду тарткан учурлары бар.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: