Өкмөт быйыл сентябрда өтчү көчмөндөр оюнуна канча каражат сарпталаарын эсептеп чыкты. Каржы министри алып келген чыгымдардын тизмесин парламенттик комитет бекитип берди. Министр Адылбек Касымалиев каржы булактар каяктан болоору аныкталганын айтты. Башында Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоп-түзөөгө 10 млн. сом сарпталат деп жатышкаң. Азыр болсо ал 10 млн. дагы оюнду өткөрүүгө жумшалаарын айтышууда. Ошентип жалпы чыгым 306 млн. 300 миң сом болмок болду.
III Көчмөндөр оюну ушул жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарында ачылат. 36 улуттук оюндардын түрүнө, 80 мамлекеттен келген 3000 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Иш-чараны 50 мамлекеттен келген 500гө чукул журналист чагылдырат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ