Menu

Жээнбеков “Соке дос” болуудан баш тартып, толук кандуу президент болууга багыт алдыбы?

Бөлүшүү:

Мурунку президент бир канча жумадан бери Сооронбай Жээнбековго пресса аркылуу чабуул жүргүзүп атканын, Мээрбек Мискенбаев өткөзгөн митинг, Фарид Ниязов аркылуу элди Жээнбековго каршы шыкап атканын биз эмес, коомчулук, айрыкча апрель баатырлары айтып келгени калппы? Кечээ болсо Атамбаевге тийиштүү делген “Акипресс” агенттиги эки мырза жолукканы боюнча маалымат таратышты. Кызыгы, алар Атамбаевдин атынан, ал киши муруңкудай эле президент болгонсуп, Жээнбековду кабыл алгандай жазып, анан атайын шайланган президент Атамбаевдин үйүнө баш ийип барганына өзгөчө көңүл бурушту. Эки айдан бери жолукпаганын дагы жазып чыккан «Акипресстин» маалыматын окуган адам “булар КСДП съездине чейин элдешип, биримдикке келиптир” деген калп көрүнүш жаратуу үчүн багытталгандай түр көрсөтүптүр.

Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, тескерисинче, ошол жолугушуудан кийин Сооронбай Жээнбеков “Соке досум” болуудан баш тартып, кыргыздын толук кандуу президенти болууга багыт алганын айтышууда. Атамбаев “мен башкарам, сен менин буйругумду аткаруу үчүн дайындалгансың, мен айткандай болот” деп айтканына катуу жооп бериптир. “Мен Кыргыз Элиме кызмат кылам, ага антымды бузбайм, сиз мага ишенип колдогонуңуз үчүн рахмат, аны мен эч качан унутпаймын, кеңеш берсеңиз, дайыма кабыл алам, бирок элдин тагдыры үчүн жоопкерчилик колума тийди, ал үчүн мен ушул дүйнөдө да, тигил дүйнөдө да жооп беришимди билем” деп жооп бериптир. “Азия Ньюс” гезити да Сооронбай Жээнбеков, анын аппарат башчысы Мухамметкалый Абулгазиев да КСДПнын съездине барбай турганын жазып чыккан эле. Президенттин өзү, аппарат башчысы съездге барбай баш тартып жатканына эки дос ачык түрдө эки жолго түшкөнү себеп болуп жүрбөсүн?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: