Menu

ТЭЦ Артыкбаев, Калиевдердин колуна кишен салдырабы?

Бөлүшүү:

3 күндүк суук болбогондо Бишкек ТЭЦке короттук деген 386 млн долларлык коррупция ачыкка чыкпай, жабылуу бойдон кала бермек экен да. Жүз миллиондогон долларды жылкынын казысындай сугунгандар сыр бербей, жүзүн жылтыратып жүрө бермек экен да. Азыр эл дагы жүз миллиондогон долларды сугунуп, элди карызга батыргандардын үстүнөн кылмыш иши козголбой, алар камалбай дагы деле жылуу орунда олтургандарына нааразы. 7-кабат ТЭЦтеги коррупция майда чиновниктерди камоо менен жабып коюуга кызыкдар эмес экен. Жогор жак “Кудай өзү “Кыргыздар, уктап жата бербей көзүңөрдү ачкыла. Акчаңарды бир ууч адам уурдап жатат” деп көргөзгөндөн кийин ишти кантип жаап коёбуз?

Эл эртең бизди эмне деп айтат?!” деген принципте туруп, иштин дыкат иликтөөгө алынышын талап кылыптыр. Бул махинацияга депутат Артыкбаев, Жалал-Абад мэри Авазов, “Энергохолдингтин” жетекчиси Калиевди күнөөлүү дегендер арбын. Сапар Исаковдун да аты аталып калууда. Жогор жактан катуу тапшырма берген соң аты аталгандардын колуна кишен салуу жакындап калган сыягы…

Булак: Жаны Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: