Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев кечээ катуу жарылды. Өкмөттү баштан-аяк сындап, олтурууга укугу калбай калды, бизге иштей турган Өкмөт керек деген сөз менен учурдагы абалдын ток этерин айтты. Ал Сапар Исаковду моралдык, саясий жактан да банкрот деп атады. Орун басарларын болсо бири сурак берип жүрсө, бирине кылыгы үчүн чет өлкөдөн нота келгенин билдирди. Сурак берип жаткан орун басары Аскарбек Шадиев экенин коомчулук айттырбай эле түшүндү. Чет өлкөгө барып, оюн салганы үчүн кайсыл вице-премьерге нота келгени табышмак бойдон калды.
Өткөн аптада эле Исаковдун орун басары Дайыр Кенекеев Казакстанга барып “бөдөнөнүн сүтүнөн” серп этип, оюн салганы маалымат каражаттарына чыккан. Элдин баары нота Кенекеевге келген болуш керек деп божомолдоодо. Кенекеевдин азыркыдай деңгээлге көтөрүлүшүнө жердеши Равшан Жээнбековдун салымы чоң болгонун вице-премьер танабы? Равшан өзүнүн жердеш иниси, өзү тарбиялаган шакирти “жинди сууга” жакын экенине карабай, оюнкарак жигитти тарбиялаганын жашырбаса керек?
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ