Menu

Оксананын шакирттери өсүштүбү?

Бөлүшүү:

Сегиз жыл мурда ак үйдүн билермандарынын бири катары  Оксана Малеванная турганын эстен чыгара электирбиз. Жөн жерден аны ак үйгө алып келишпесе керек? Аксы окуясы жүз бергенде ушул айым гана акты ак, караны кара деп узун билдирүү катын жазып берген.  Ошондон кийин анын кадыры бааланып, жогору тепкичке арзыган. Маркум Медет Садыркуловдун “тукумун” эле эмес сары ооз кадрларды өстүрүүгө аракет кылган бул айымдын “долбоорлору” дайыма колдоого алынып турган. Ошол үчүн кээ бир өсөр жигиттер айланчыктап менеджерликти  андан үйрөнүп көздөрү ачылганы калп эмес. Кетер киши кетти, бирок шакирттери азыр мамлекеттик кызматтарга келип билгенин жайылткан кези.

Эгерде Оксананы кубалабай пайдаланганда дагы далай кыйындар канат кагып, ошол уядан учуп чыкмак экен. Анткени кээ бир шакирттери анын учкул тажрыйбаларын дале болсо жайылтуу менен бирге иш жүзүндө пайдаланып жатышат. Үлкөн бутактарда тамырын жайган мыкчыгерлердин ооматы барган сайын артып жатканы алаканга салгандай көрүнгөн кези. Көрсө алдыңкы тажрыйба –массага делип илгери бекер жерден айтылбаптыр да? Илим, билимдүү, дасыккан адис  болуш үчүн мыкты тарбиячылар өлкөгө зарыл экенин эсибизден чыгарбайлы.  Азыр Малеваннаяга теңдеш тарбиялык мектеп бизде  барбы? Мунун өзү баш катырма десек болот.

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: