КР МУКК тарабынан 28-мартта Сирия жана Ирак аймагындагы бандиттик түзүмдөрүнүн курамында согуш аракеттерге катышып, террордук актыларды даярдоо максатында жиберилген эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) согушкерлеринин Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу максатында улантылып жаткан контртеррористтик иш чаралардын алкагында, 1972-ж.т. «З.З.» аттуу КР жарааны кармалды.
Кармалган жаран чет элдеги ЭТУ лагеринде диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сирия өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкандыгы аныкталды.
Бул факт боюунча МУКК тергөө органы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин 2-бөлүмү («Жалданмачылык») боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган жаран МУКК Тегөө камак жайына киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ