Menu

УКМК: Издөөдө жүргөн ЭТУ мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

Өткөн жума, 18-октябрь күнү Бишкек шаарында контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө, КР УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү КР жараны 1980-ж.т., Жалал-абад облусунун тургуну М.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай М.А. 2011-жылдан бери КР Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренесинин 3-бөлүмү (эски редакцияда террористтик акт) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн. Кармалган адам Кыргызстандын аймагында террористтик акт жасоого аракет кылган ЭТУ мүчөсү болгон.

2011-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Ош областында ЭТУ башчысы УКМК атайын күч кызматы тарабынан жок кылынып жана топтун башка мүчөлөрү кармалып ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылышкан. Бирок М.А. качып кетүүгө үлгүргөн.

19-октябрь күнү М.А. карата Ош соту тарбынан КР УКМК Ош жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 айга чейинки камака алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: