Menu

Агасын Таласка башкы милиция кылган Дастан Жумабеков спикерликтен түшкөнү калдыбы?

Бөлүшүү:

Спикер Дастан Жумабековдун бир тууган агасы Алмазбек Жумабеков Талас ОИИБ начальнигинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Спикердин дагы бир агасы Сабыр мырза бакандай оорукананы башкарып турат. Ага-инилер бири-бирин сүрөшүп, кызматтык бакытты табышканында кеп жок! Эске сала кетсек, Өмүрбек Бабановдун саясаттан садага чабылганы менен Жумабековдордун бактысы ачылганын баары эле түшүнүп турушат. (Тилекке каршы, булар президеттик шайлоодо Таластан Сооронбай Жээнбеков үчүн жарытылуу добуш ала алышпаганы белгилүү.)

Биздин маалыматтар боюнча, жакында көпчүлүк коалициясы тарап, спикерлик орунга Иса Өмүркулов шайланары болжонууда. Дастан Жумабеков ЖК төрагасы катары эл аралык алкакта өзүн көрсөтө албаганы, Россия Думасы менен иштеше албай койгону да кеп болуп, ошол себептен да ээрден шыпырыла турганы ыраспы? Негизи Дастан мырзанын деңгээли депутаттыкка араң жараса керек го? Кичине амбицияны да тыя жүргөн шүгүрчүлүк эмеспи.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: