Menu

Алиярбек Абжалиев, «РАЖ» депутаты: «Лидерди алмаштыруу бул 22 депутаттын каалоосу. Төңкөрүш эмес»

Бөлүшүү:

– Алиярбек мырза, лидериңиздердин алмашышы боюнча эмне айта аласыз?

– Саясаттын табияты ушундай экен да. Ички өз ара иштер бар. Ошого байланыштуу депутаттар чогулуп, ошондой чечтик. Жамандыгынан же компетентсиздигинен эмес. Шарт ошондой болуп калды. Саясатта билесиз да, бүгүн мындай, эртең андай…

– «Руслан Казакбаев башкаруучу коалицияга кирүүгө тоскоол болгон үчүн алмаштырышты» деген версия бар. Кандай дейсиз буга?

– Ар ким ар кандай версияны айта берет. Бирок, депутаттардын өздөрүнүн көз караштары бар. «Парламенттин иши жакшы болсун» деген маселе да.

– Жеке сиз өзүңүз кандай позицияда болдуңуз?

– Мен жактадым. Ал жерде өзүңүз көрдүдүз да, 22 адам алмашышын колдошту. Бул жерде эми негизи биздин фракциянын ынтымагын сактап калып, мындан кийин да жакшы бир иштерди алып барыш үчүн ушундай жыйынтыкка келдик да.

– Мындан кийин ынтымак болуп каларына сиз ишенсизби?

– Аракет кылабыз.

– «22 депутат алдын ала сүйлөшүп, кол коюшуп, төңкөрүш жасашты» деген пикирге кошуласызбы?

– Жок. Бул табигый эле нерсе. Депутаттар жолугушуп, сүйлөшүп, анан бир чечимге келишти. Бул төңкөрүш эмес, айтып, деп эле… Руслан Айтбаевич менен мен өзүм да жолугуштум, башка депутаттар да жолугушту.

– Ал өзү фракциянын жыйынына катыштыбы?

– Өзү катышкан жок, бирок билген.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: