Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов коррупцияга шектелип кармалды. Ал – 2018-жылдын 2-апрелинде Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан “Полларис” жана “Интеррустрейд” жоопкерчилиги чектелген коомдоруна карата мамлекеттик бюджеттен кошумча нарк салыгын мыйзамсыз түрдө кайтарып берүү боюнча козголгон кылмыш иши боюнча кармалган. Бул иш буга чейин ачыкка чыккан 217 миллион сом боюнча коррупциялык ишке байланыштуу. Аталган ишканалардын жетекчилери да камакка алынган.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ